SerepTV Logo

Блогер Али Эргешев үй камагына чыкты. Милиция анын эмне иш боюнча кармалганын айтты

Блогер Али Эргешев үй камагына чыкты. Милиция анын эмне иш боюнча кармалганын айтты
Бишкектен кармалган блогер үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти. Жалал-Абад ШИИБге 1988-жылы туулган жаран арыз менен кайрылып, 2023-жылдын 24-май күнү саат 15:30 чамасында жаран Жалал-Абад шаарынын сотунун имаратына кирип жатып, Жалал-Абад аймактык сот приставынын талаптарына баш ийбей, кийип турган формасына асылып, погонун жулуп алгандыгын билдирип, мыйзам чегинде жоопко тартып берүүнү суранган. Бул факты Жалал-Абад ШИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 280- беренеси (бейьаштык) менен катталып, кылмыш иши козголгон. 1995-жылы туулган блогер тергөөгө келбей жашынып жүргөндүгүнө байланыштуу 2023-жылдын ноябрь айында Жалал-Абад шаардык соту тарабынан шектүүнү бөгөт коюу чарасы сырттан камакка алуу түрү колдонулуп, ага карата издөө жарыяланган. 2024-жылдын 13-февраль күнү «Манас» эл аралык аэропортунда, туугандарын узатып барганда, ИИМдин кырдаал борборуна туташтырылган жүзүн таануучу камералардын жардамы менен издөөдө жүргөн жаран милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, Жалал-Абад шаарына жеткирилип, шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Баш коргоо чарасы бүгүн, 15-февралда Жалал-Абад шаардык сотунда каралып, үй камагына чыгарылган. Учурда тергөө амалдары уланууда.