SerepTV Logo

Блогер Адыл Акжол уулу камактан чыкты

Блогер Адыл Акжол уулу камактан чыкты
Блогер Адыл Акжол уулу камактан чыкты. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти. Маалыматка караганда, эки тарап элдешип, кылмыш иш токтотулган. 12-августта Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын директорунун мурдагы орун басары, блогер Адыл Акжол уулу кармалып, 4-октябрга чейин камакка алынган. Алдын ала маалыматтар боюнча, ага Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып тагылган.
edita