SerepTV Logo

Бишкектин тургунун бычак менен сайган делип Казак жараны изделип жатат

Бишкектин тургунун бычак менен сайган делип Казак жараны изделип жатат
Бишкекте жергиликтүү тургундун ичине бычак сайып кетишти. Бул тууралуу Свердлов РИИБдин басма сөз кызматынан бүгүн, 13-ноябрда билдиришти. Маалыматка караганда, кылмыш 11-июнда болгон. Бишкек шаарынын тургунуна бейтааныш адам кол салган. Аталган факты Жазык кодексинин 138-беренесинин 2-бөлүгү (ден соолукка атайылап оор залал келтирүү) менен катталган. Ыкчам иликтөөчүлөр кылмышка шектүү 1991-жылы туулган Агаликов Ганижан Бахадырович аттуу Казакстандын жараны экендигин аныкташкан. Ал мамлекеттер аралык издөөгө алынды. Милиция издөөдө жүргөн адамдын жүргөн жери тууралуу маалыматы барларды 0 702 49-88-88, 0 557 11-94-10, 0 702 37-37-70, 0 704 300-843 жана 102 телефондору аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт.