SerepTV Logo

Бишкектин тургуну үйүндөгү 418 миң сомун уурдатып жиберди

Бишкектин тургуну үйүндөгү 418 миң сомун уурдатып жиберди
Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабын батир уурулукка шектүү жаран кармалды. 14-март күнү Свердлов РИИБге жаран белгисиз адамдарга чара көрүү арызы менен кайрылган. Анда ошол эле күнү борбор калаанын Чыгыш-5 кичи районунда жайгашкан батирлерин биринде кирип, сейфтен 418 миң сом акча уурдап кетишкенин айткан. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза Кодексинин 205-бересине (уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары 2001-жылы туулган жаран аныкталып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.