SerepTV Logo

Бишкектин тургуну унаасын токтоткон жерден таппай калган

Бишкектин тургуну унаасын токтоткон жерден таппай калган
Бишкекте унаа айдап качууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, окуя 22-февраль күнү болгон. Хонда Фит унаасынын айдоочусу унаасын токтоткон жерден таппай калган. Аталган факты каттоого алынып, кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип 1992-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынган. Ал эми унаа ээсине кайтарылган.