SerepTV Logo

Бишкектин тургуну соода борбордун алдында турган унаасын таппай калган. Кылмышка шектүү кармалды

Бишкектин тургуну соода борбордун алдында турган унаасын таппай калган. Кылмышка шектүү кармалды
Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери унаа уурдоого шектүү жаранды кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти. 5-ноябрда жаран Ленин РИИБге арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү саат 22:45 чамасында Баха жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Фрунзе" соода борборунун астынан Матиз үлгүсүндөгү унаасын белгисиз жарандар айдап качып кеткендигин кабарлаган. Бул боюнча Милициянын кайгуул кызматкерлерине багыттама берилип, кылмышка шектелип 1992-жылы туулган жаран кармалды. Бул факты Ленин РИИБге катталып, Жазык кодексинин 206-беренесинин (автотранспорт каражаттарын айдай качуу) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.