SerepTV Logo

Бишкектин Селекционное айылында турак жайдан өрт чыкты

Бишкектин Селекционное айылында турак жайдан өрт чыкты
Бишкек шаарынын Ленин районуна караштуу Селекционное айылында жайгашкан турак үйдөн өрт чыккан. Кырсыктан жабыркагандар жок. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Өрттү өчүрүүгө саат 17:47де Ленин райондук №6 ӨКБдан бир күжүрмөн эсеп тартылып, саат 18:50дө толугу менен өчүрүлдү. Тилсиз жоонун кесепетинен үйдүн 25 чарчы метри күйгөн. Жабыркагандар жок.