SerepTV Logo

Бишкектин мечиттерин "тазалап", эми Ошто... Уурулук кылууга шектелип 27 жаштагы жаран кармалды

Бишкектин мечиттерин "тазалап", эми Ошто... Уурулук кылууга шектелип 27 жаштагы жаран кармалды
Ошто мечиттерден уурулук кылууга шектелип 27 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынан билдиришти. 1995-жылы туулган Сузак районунун тургуну Ош шаарына келип, мечиттерге намаз окуганы келген жарандардын алаксып калгандыгынан пайдаланып, аларга таандык болгон буюмдарды: телефон, акчалай каражаттары, сумкаларын уурдап изин жашырып жүргөн. Бүгүнкү күндө жабырлануучулардын саны 20га жакындап калды. Кармалган жаран уурдалган буюмдарын арзан баада соодагерлерге өткөрүп берип турган. 3-апрель күнү шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, уурулук беренеси боюнча тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат.
Тергөө кызматынын алгачкы маалыматына караганда шектүү буга чейин Бишкекте да ушундай кылмышы үчүн соттолуп чыккан.