Бишкектин Ленин районунун мурунку акими Чынасыл Чыныбаев үй камагына чыгарылды
Бишкектин Ленин районунун мурунку акими Чынасыл Чыныбаев үй камагына чыгарылды. Бул маалыматты Биринчи Май райондук сотунан тастыкташты.
Маалыматка караганда, соттун мындай чечим чыгаруусуна прокурордун өтүнүчү себеп болгон.
«Сот мамлекеттик айыптоочунун өтүнүчүн канааттандырды, анткени Чынасыл Чыныбаевдин өздүгү такталган, туруктуу жашаган жери бар, үй-бүлөсү бар, мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылган эмес», — деген жүйөө келтиришти мекемеден.
Эскерте кетсек, Чынасыл Чыныбаев Бишкектин аймактарын жакшыртууга бөлүнгөн каражатты туура эмес сарптоо фактысы менен кечээ, 29-мартта кармалган. Тактап айтканда, акчаны депутаттыкка талапкерлердин биринин үгүт иштерине мыйзамсыз бөлүп берген. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 3-бөлүмү (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же ысырап кылуу) менен иш козголуп, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген болчу.