SerepTV Logo

Бишкектин көчөлөрүнүн биринде унаасы менен бакты сүзүп алган аял жабыркады

Бишкектин көчөлөрүнүн биринде унаасы менен бакты сүзүп алган аял жабыркады
Бишкектин көчөлөрүнүн биринде жол кырсыгы катталып, бир аял жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалымат боюнча, Чүй проспекти менен 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишинде Toyota Aristo үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, жолдон чыгып бакты сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 1994-жылы туулган аял киши жабыркаган. Жерине 5 куткаруучу тартылып, жабыркаган аялды унаадан чыгарып, Тез жардам кызматына өткөрүп беришти.
Unknown Author