Бишкектин чок ортосундагы ок атуу. 2 шектүү кармалып, камакка алынды
Кечээ, 7-августта социалдык тармактын колдонуучулары Бишкектин чок ортосунда ок атуу болду деген видео менен бөлүшүшкөн. «Исанов жана Чүйдөгү клуб. Саат 4төр чамасында унаадагы кишини атып кетти», — деген автор.
Редакцияга Биринчи Май РИИБден маалымат беришип, аталган факты каттоого алынганын билдиришкен.
7-августта саат 04:00 чамасында милицияга Чүй менен Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде ок атышуу болуп жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Аталган факты боюнча бейбаштык беренеси менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары 1995-жылы туулган 2 жаран кармалды. Алар Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Шектүүлөрдүн бири травматикалык «ПМР 45 rubber» тапанчасын үч патрону менен өткөрүп берди.
Посмотреть эту публикацию в Instagram