Бишкектин чок ортосундагы имарат жана жер тилкеси мамлекетке кайтарылды
Мамлекеттин менчигине жалпы баасы 95 миллион 361 миң сомду түзгөн имарат жана жер тилкеси өткөрүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Киев жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан мүлк комлексинин биринчи кабатынын жана жер төлөсүндөгү 353,8 чарчы метр түзгөн турак эмес жайлары, ошондой эле 1650 чарчы метр түзгөн жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды.
Анда Бишкек шаарынын Киев, Логвиненко, Панфилов көчөлөрү менен чектелген, колдонулуп жаткан мүлк комплексинин астындагы 2,1 гектар жер участогун жеке жаранга берүү жөнүндө чечим президенттин 1995-жылдын 16-февралындагы жарлыгын бузуу менен Мамлекеттик мүлк фонду өкмөттүн буйругунун негизинде кабыл алынып, андан ары аталган объектиге тиешелүү бүтүмдөр мыйзамсыз жүргүзүлгөн.