Бишкектин чок ортосундагы батирден сойкукана табылды. Аны 20 жаштагы жигит уюштурган делүүдө
Бишкек шаарында сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБден билдиришти.
4-декабрда «Притон-Көпөлөк» аталышындагы профилактикалык иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан Абдрахманов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирде акча үчүн интимдик кызмат көрсөтүлүп жүргөнү аныкталды. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесине (сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү, ошол эле кылмыш балдарды пайдалануу менен жасалса) ылайык кылмыш иши козголгон.
Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү 2003-жылы туулган жаран аныкталып, кармалды. Тергөө кызматына жеткирилип, Бишкек ШИИБдиг убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Посмотреть эту публикацию в Instagram