SerepTV Logo

Бишкектин чок ортосундагы атышуу. Кылмышка шектүүлөр кармалды

Бишкектин чок ортосундагы атышуу. Кылмышка шектүүлөр кармалды
Бишкекте ок атуучу курал колдонуп, бейбаштык кылууга шектелген алты жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 22-декабрда саат 21:00 чамасында Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына Эркиндик бульварында мушташып, атышуу болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Белгиленгендей, топ жарандар ортосунда чыр чыккан. Окуя болгон жерден алар газ-травматикалык тапанчанын болжолдуу үч гильзасын, ошондой эле аңчылык мылтыгынын үч гильзасын табышкан. Учурда алар Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.