SerepTV Logo

Бишкектин чок ортосунда ок атышууга шектелген бир нече жаран милицияга жеткирилди

Бишкектин чок ортосунда ок атышууга шектелген бир нече жаран милицияга жеткирилди
Буга чейин Бишкек шаарынын борборунда ок атылганы, окуя кечээ, 22-декабрда саат 20:56да болгону маалым болгон эле. Бул боюнча Бишкек ШИИБ үн катты. Алардын берген маалыматына караганда, факты каттоого алынган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. "Учурда алдын ала иликтөө иштери жүрүп, окуяга катышкандардын айрымдары аныкталып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди", - деп айтылат маалыматта.