SerepTV Logo

Бишкектин чок ортосунда ок атуу болду деген видео тарады. Милицияга 5 адам жеткирилди

Бишкектин чок ортосунда ок атуу болду деген видео тарады. Милицияга 5 адам жеткирилди
Социалдык тармактын колдонуучулары Бишкектин чок ортосунда ок атуу болду деген видеону бөлүшүп жатышат. "Исанов жана Чүйдөгү клуб. Саат 4төр чамасында унаадагы кишини атып кетти", - дейт автор. Редакцияга Биринчи Май РИИБден маалымат беришип, аталган факты каттоого алынганын билдиришти. Ал жерге милиция кызматкерлери барышкан. 1995-жылы туулган 2 жаран, 1988, 1983 жана 1985-жылы туулган жарандар аныкталып, милицияга жеткирилди. Учурда тергөө жүрүп жатат.