SerepTV Logo

Бишкектин четинде унаа сүзгөн 17 жаштагы велосипедчен өспүрүм көз жумду

Бишкектин четинде унаа сүзгөн 17 жаштагы велосипедчен өспүрүм көз жумду
Социалдык тармактарда велосипед тээп бара жаткан жаранды унаа сүзүп кеткен видео тараган. Окуя боюнча Милициянын кайгуул кызматынан маалымат беришти. "19-августта саат 00:15 чамасында Восток айылында Субару Легаси унаасынын 1972-жылы туулган айдоочусу велосипед тээп бара жаткан 2007-жылы туулган өспүрүмдү сүзүп кеткен. Кесепетинен велосипед айдоочусу ошол жерде көз жумган. Унаа айдоочусу кармалды. Анын бөгөт чарасы каралат", - деп айтылат маалыматта.
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от УПСМ г.Бишкек (@upsm_kg)