Бишкектин четинде кулаган аскердик тик учак. Жаңы жагдайлар
Бишкектеги "Фрунзе - 1" авиабазасында Ми-8 тик учагы кырсыкка учурады. Маалыматты журналисттерге "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасынан тастыкташкан.
"Жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:55те "Фрунзе - 1" авиабазасында Ми-8 аскердик тик учагы кулап түшкөн. Борт 203. Экипаждын тагдыры азырынча белгисиз. Кошумча маалымат берилет", — деп айтылат билдирүүдө.
Кырсыктан 7 адам жабыркап, 1 адам каза тапканы айтылууда.