SerepTV Logo

Бишкектин борбордук көчөсүнөн эркек кишинин жансыз денеси табылды

Бишкектин борбордук көчөсүнөн эркек кишинин жансыз денеси табылды
Бишкектин борбордук көчөсүнөн эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынан маалымат таратышты. 23-май күнү саат 08:14тө шаардын Исанов жана Чүй кең көчөсүнүн кесилишинде киши колдуу болгон эркек кишинин жансыз денеси табылганы тууралуу билдирүү түшкөн. Ал болжолдуу түрдө 35-40 жашта болгон. Маркумдун аты-жөнү аныктала элек. Факты "киши өлтүрүү" беренеси боюнча каттоого алынып, тийиштүү экспертиза дайындалды. Маркумду өлтүрүүгө шектелип 1992-жылы жана 1989-жылы туулган эки жаран кармалып, тергөө абагына киргизилди. Тергөө иштери уланып жатат.
admin@supertv.kg