SerepTV Logo

Бишкектин башкы архитектору Урмат Карыбаев үй камагына чыгарылды

Бишкектин башкы архитектору Урмат Карыбаев үй камагына чыгарылды
Биринчи Май райондук соту «Бишкек башкы архитектура» мамлекеттик мекемесинин жетекчиси Урмат Карыбаевди үй камагына чыгарган. Бул тууралуу аталган райондук соттон билдиришти. Маалыматка караганда, ал 4-декабрга чейин үй камагында болот. Урмат Карыбаев Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча шектелүүдө.