SerepTV Logo

Бишкектик тургун эшиктин алдында турган унаасын таппай калган. 20 жаштагы жигит кармалды

Бишкектик тургун эшиктин алдында турган унаасын таппай калган. 20 жаштагы жигит кармалды
Кайгуул кызматкерлери унаа уурдап качкан делген жаранды кармады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти. Кечээ, 27-июнда саат 06:50 чамасында “102” кызматына Чыңгыз Айтматов менен Жаманбаев көчөлөрүнүн кесилишинен чала тааныш адам унаасын айдап качып кетти деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке ошол замат кайгуул кызматкерлери барып, маалыматты тактаганда 1994-жылы туулган жаран арыз менен кайрылган. Анда үйүнүн короосунда токтоп турган Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаасын чала тааныш жаран айдап, белгисиз тарапка качып кеткен. Кылмышка шектүү катары 2002-жылы туулган жаранды кармалып, милицияга өткөрүп берилди.