SerepTV Logo

Бишкектеги үрөй учурган жол кырсык. 2 адам ооруканага жеткирилди

Бишкектеги үрөй учурган жол кырсык. 2 адам ооруканага жеткирилди
Бишкекте жеңил унаа менен автокрандын катышуусундагы жол кырсыгы катталып, эки адам жаракат алды. Бул тууралуу Милицянын кайгуул кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, жабырлануучулар ооруканага жеткирилди. Бүгүн, 20-майда түнкү саат 00:40 чамасында 25 жаштагы айдоочу Масалиев көчөсү менен Тыналиев көчөсүнөн солго бурулуп жатып карама-каршы багытта келе жаткан БМВ 530 үлгүсүндөгү авто унаа менен сүзүшкөн. Жеңил унааны 24 жаштагы жигит башкарып бара жаткан. Кырсыктын кесепетинен БМВ 530 унаасындагы 2 жаран жабыркаган. "Учурда эки унаа тең айып короосуна токтотулуп, тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.