SerepTV Logo

Бишкектеги "Ынтымак" сейил багында өрт чыкты

Бишкектеги "Ынтымак" сейил багында өрт чыкты
Кечээ, 4-сентябрда Бишкектеги "Ынтымак" сейил багында өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, сейил бактын аймагында 300 чарчы метр кургак чөп күйүп кеткен. Жабыркагандар жок. Өрт саат 23:40та өчүрүлүп, кырсыктын келип чыгуу себептери аныкталууда.