SerepTV Logo

Бишкектеги үйлөрдүн биринде аялдарга жашыруун сабак өткөндөр кармалды

Бишкектеги үйлөрдүн биринде аялдарга жашыруун сабак өткөндөр кармалды
Борбордук милициянын кызматкерлери УКМКнын Бишкек шаары башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте шаардын аймагында Хизб-ут-Тахрир диний экстремисттик уюмунун мүчөлөрү кармашты. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Аталган факты боюнча Ленин РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 332-беренеси (Эктремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) менен кылмыш козголгон. Жүргүзүлгөн ыкчам жана тергөө ишеринин жыйынтыгында Бишкек шаарынын Гатчин көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде 1995-жылы туулган жаран аныкталып, көрсөтүлгөн даректен аялдар тобуна жашыруун диний сабактар өткөрүлүп жаткандыгы тастыкталган. Жогорудагылардын негизинде, 3-июнь күнү Ленин райондук сотунун токтомуна ылайык, көрсөтүлгөн даректе тинтүү-ыкчам иш чаралары жүргүзүлүп, экстремисттик мүнөздөгү маалыматтарды камтыган уюлдук байланыштар, СД-дисктер, көптөгөн китепчелер жана дептерлер табылган. Ошону менен бирге, диний экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрү, жана экстремисттик материалдарды даярдап, таратып, жашыруун сабактарды өткөрүп үгүттөө иштерин жүргүзгөн 4 жаран тергөө кызматына жеткирилген. Алынган буюмдарга тийиштүү экспертизалар дайындалды.
edita