Бишкекте үйдүн эшиктери сакталган кампа өрттөндү
Бишкекте кампадан чыккан ири өрт саат 09:36да чектөөгө алынды. Тилсиз жоодон жабыркагандар жок. Учурда толук өчүрүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Бүгүн, 31-декабрь күнү Бишкек шаарына караштуу Свердлов районунун Хивинская көчөсүндө жайгашкан кампадан өрт чыккан. Өрттү өчүрүүгө ӨКМден жалпы 5 күжүрмөн эсеп, Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу дрон менен тартылган.
Алдын ала маалымат боюнча аталган кампада үйдүн эшиктери сакталган.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="221582,221583"]