SerepTV Logo

Бишкектеги үйдөн сойкулук менен алектенген делген жашы жете элек кыздар аныкталды

Бишкектеги үйдөн сойкулук менен алектенген делген жашы жете элек кыздар аныкталды
Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшкөн шектүү кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти. 30-ноябрда "Көпөлөк" аттуу профилактикалык иш-чаранын алкагында Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде интимдик кызмат көрсөткөн 2007 жана 2006-жылы туулган жашы жете элек кыздар аныкталган. Буга байланыштуу Ленин РИИБдин тергөө кызматына сойкукана уюштурууга шектелип, 1987-жылы туулган жаран жеткирилген. Аталган факты боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 160 (сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) беренесине ылайык кылмыш иши козголгон. Шектүү камакка алынган. Учурда кылмыш иликтөө иштери уланууда.