Бишкектеги "Вефа центр" соода борборунда өрт чыгып, өчүрүлдү
Бишкек шаарынын Биринчи Май районунда алдын ала маалымат боюнча, Байтик Баатыр көчөсүнүндөгү "VEFA Center" соода борборунун 3-кабатында жайгашкан "Oz Huzur Sukuret" кафесинен өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.
Өрттү өчүрүүгө саат 10:17де Октябрь райондук №5 ӨКБдан 2 бөлүм жана 1 автошаты жана Штаб тартылды.
Кафенин аба сордургучунан (вытяжка) чыккан өрт саат 10:46да чектөөгө алынып, саат 10:52де толук өчүрүлдү. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 15 чарчы метр. Соода борбордон 150дөй адам эвакуацияланган. Жабыркагандар жок.