SerepTV Logo

Бишкектеги тез тамактануучу жайдан чыккан өрт толук өчүрүлдү

Бишкектеги тез тамактануучу жайдан чыккан өрт толук өчүрүлдү
Бишкектеги тез тамактануучу жайда чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Буга чейин Бишкек шаарынын 8-кичи районунда жайгашкан «Шаурма на мангале» тез тамактануучу жайынан өрт чыкканы маалым болгон. Өрттү өчүрүүгө 2 бөлүм тартылган. Тилсиз жоо саат 16:54тө чектөөгө алынган. Саат 19:11де толугу менен өчүрүлгөн. Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыркагандар катталган эмес.