SerepTV Logo

Бишкектеги телеканалдардын биринин имаратында өрт чыкты

Бишкектеги телеканалдардын биринин имаратында өрт чыкты

Биринчи Май районундагы Абай көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу имараттан ичиндеги "Ош Пирим" телеканалынын кеңсесинен өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Өрттү өчүрүүгө саат 14:53тө Октябрь райондук №5 ӨКБдан 1 бөлүм тартылган. Өрт саат 15:02де чектөөгө алынып, саат 15:27де толук өчүрүлдү. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана чыгымы такталууда.