SerepTV Logo

Бишкектеги "Таш-Рабат" соода борборунан өрт чыкты

Бишкектеги "Таш-Рабат" соода борборунан өрт чыкты

Бишкектин Горький көчөсүндө жайгашкан "Таш-Рабат" соода борборунун имаратынан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, өрттү өчүрүүгө саат 04:19да 1 бөлүм, саат 04:23тө дагы 2 бөлүм тартылган. Өрт саат 04:43тө чектөөгө алынып, саат 05:05те толук өчүрүлдү. Өрттүн кесепетинен жабыркагандар жок жана өрттүн келип чыгуу себеби учурда такталып жатат.