Бишкектеги соода борборлордун биринин аймагында жубайын сабаган жаран кармалды
Бишкектеги соода борборлордун биринин аймагында жубайын сабаган жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 1993-жылы туулган жаран кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө уланууда.
Буга чейин 8-ноябрда соцтармактарда видео тарап, анда эркек кишинин аял кишини сабап жаткандыгы тартылган. Видео «Dordoi Plaza» соода борборунун аймагында тартылган. Свердлов РИИБи окуя боюнча үн катып, факты РИИБге катталып, Жазык кодексинин 266-беренесине ылайык кылмыш иши козголгонун билдирген болчу.