Бишкектеги соода борбордон чыккан өрт өчүрүлдү (сүрөт)
Бишкек шаарына караштуу Ленин районунун Чүй проспектисинде жайгашкан соода борборунан өрт чыккан.
Өрттү өчүрүүгө саат 09:31де Биринчи Май райондук №4 ӨКБдан 1, кошумча саат 09:37де аталган райондук ӨКБдан 3 жалпы 4 бөлүм жана штаб тартылган.
Тилсиз жоо саат 10:00дө чектөөгө алынып, 10:35те толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен жабыркагандар жок.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="234195,234196,234197,234198,234199,234200"]