SerepTV Logo

Бишкектеги сейил бакта жашы жете элек кыз менен жыныстык катнашта болгон шектүү кармалды

Бишкектеги сейил бакта жашы жете элек кыз менен жыныстык катнашта болгон шектүү кармалды
Буга чейин жергиликтүү маалымат каражаттары Бишкектеги сейил бакта 9-класстын окуучусу зордукталганын жазып чыгышкан. Бишкек ШИИБден кылмыш тууралуу маалымат беришти. Милициянын маалыматына караганда, жашы жете элек кыз менен жыныстык катнашка барган шектүү кармалган. "20-июлда Октябрь РИИБге жаран кайрылып, ошол эле күнү Ахунбаев көчөсүндөгү сейил бакта 2009-жылы туулган кыз менен жыныстык катнашка барган жаранга чара көрүүнү суранган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары 1999-жылы туулган жаран кармалды. Ал соттун чечими менен камакта калтырылды", - деп айтылат маалыматта.