SerepTV Logo

Бишкектеги пластик чыгаруучу заводдон чыккан өрттөн 10 адам жабыркады

Бишкектеги пластик чыгаруучу заводдон чыккан өрттөн 10 адам жабыркады

Бишкектеги пластик чыгаруучу заводдон чыккан өрттөн 10 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кечээ, 7-ноябрда Свердлов районундагы Курманжан Датка көчөсүнүн №206 дарегинде жайгашкан "Ак-Тилек" пластик чыгаруучу заводдон өрт чыккан. Өрт саат 22:37де толук өчүрүлдү. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 800 чарчы метрди түзгөн. Кырсыктын кесепетинен 10 адам ар кандай жаракат алды.