SerepTV Logo

Бишкектеги Панфилов сейил багында өрт чыкты

Бишкектеги Панфилов сейил багында өрт чыкты
Бүгүн, 25-май күнү Панфилов сейил бактын аймагында жайгашкан "Панорама" кафесинен өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Өрттү өчүрүүгө 3 өрт өчүрүүчү бөлүм жана штаб тартылган. Өрт саат 07:12де чектөөгө алынган, чыккан өрт саат 08:26да толук өчүрүлдү. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана толук материалдык чыгым такталууда. Өрт кырсыгынан жабыркагандар жок.