SerepTV Logo

Бишкектеги окуу жайдан чыккан өрт өчүрүлдү

Бишкектеги окуу жайдан чыккан өрт өчүрүлдү
Бишкек шаарынын Чүй проспекти жана Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде Кыргызстан Эл аралык университетинин чатырынан чыккан өрт саат 14:30да толук өчүрүлдү.
Өрттү өчүрүүгө саат 13:30да Биринчи Май райондук №4 ӨКБдан 2 бөлүм, №8 АӨКБдан 1 бөлүм, Октябрь райондук №5 ӨКБдан 1 бөлум АШ-31 жана Штаб тартылган. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 50 чарчы метрди түзгөн. Өрттүн кесепетинен жабыркагандар жок.
info