Бишкектеги Октябрь окусы боюнча соттук отурум башталды. Сотко кимдер жеткирилди?
Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 2020-жылдын октябрь айындагы башаламандык боюнча козголгон кылмыш иши боюнча соттук угуу башталды.
Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов, президенттин мурдагы аппарат башчысы Фарид Ниязов жана "Туран" партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов сот залына жеткирилди.
Курсан Асанов өзүнө коюлган айыптар менен макул эместигин билдирди. «Бардык кылмыш иштери бурмаланган. Өлкөнүн стабилдүүлүгүнө салым кошконума кубанычтамын. Бул иште мага жардам берген ардагерлерге, ошондой эле жаштарга ыраазымын», - деди ал. Ал эми Жеңиш Молдокматов бул ишке тиешеси барлар азыр бийликте отурганын айтты. "Мага козголгон кылмыш иши абсурд. Октябрь окуялары боюнча биздин ордубузда бийликтегилер түрмөдө отурушу керек. Бийликте ким болсо, баары", - деди ал.
