SerepTV Logo

Бишкектеги медициналык борбордон өрт чыкты (сүрөт)

Бишкектеги медициналык борбордон өрт чыкты (сүрөт)

Кечээ, 27-майда Октябрь районунун Абай көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн 1-кабатынан түтүн чыгып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

ӨКМдин өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм саат 18:50дө өрттү өчүрүүгө тартылган. "Өрт айтылган даректе жайгашкан көп кабаттуу үйдүн жер төлөөсүндөгү медициналык борборунан чыккандыгы аныкталды. Өрт өчүрүүчүлөр өрттү 19:12де чектөөгө алып, саат 19:18де толук өчүрүп бүтүшкөн", - деп айтылат маалыматта.

[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="49200,49201,49202,49203"]
edita