Бишкектеги курулуш фирмасынын кампасынан чыккан өрт бир адамдын өмүрүн алды
Түндө Бишкектеги курулуш фирмасынын кампасынан чыккан өрт бир адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Бүгүн түнкү саат 02:14 чамасында Биринчи Май районунун Васильевский тракт көчөсүндө жайгашкан автобазанын аймагында курулуш фирмасынын кампасында өрт чыгып, ички жасалгасы күйгөн. Өрт саат 02:43тө чектөөгө алынып, толугу менен 05:17де өчүрүлдү. Өрттүн кесепитинен 45-50 жаштар чамасындагы эркек киши көз жумду. Жансыз денени ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти.