SerepTV Logo

Бишкектеги курулуп жаткан үйдөн кулаган 18 жаштагы жигит көз жумду

Бишкектеги курулуп жаткан үйдөн кулаган 18 жаштагы жигит көз жумду
Бишкектеги курулуп жаткан үйдөн кулаган жигит көз жумду. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти. 27-ноябрда саат 18:06 чамасында Бишкек ШИИБдин "102" кызматына салынып жаткан имараттан кулаган жаран каза болгону тууралуу маалымат түшкөн. Аталган факты боюнча териштирүү иштери башталган. Жерине Октбярь РИИБдин кызматкерлери барып, каза болгон 2006-жылы туулган жигит экенин аныкташкан. Бул факты боюнча бардык керектүү экспертизалар дайындалып, жогоруда аталган адамдын өлүмүнө эмне себеп болгону аныкталып жатат.