SerepTV Logo

Бишкектеги курулуп бүтө элек үйдөн курал-жарактар табылды (видео)

Бишкектеги курулуп бүтө элек үйдөн курал-жарактар табылды (видео)
Бишкек ШИИБдин кызматкерлери тарабынан курал-жарак жана ок-дарылар катылган жашыруун жай табылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти. Мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында, Бишкек ШИИБдин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан шаар аймагындагы курулуп бүтө элек үйлөрдүн биринен курал-жарак жана ок-дарылар катылган жашыруун жай аныкталган. Алынган маалыматка ылайык, жашыруун жай «ИГИЛ» террористтик уюмунун жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, Кыргыз Республикасынын ИИМдин атайын каттоосунда турган 1981-жылы туулган Тоха каймана аты менен белгилүү жаран тарабынан уюштурулган. Борбордук милициянын ыкчам кызматкерлери техникалык каражаттарды колдонуу менен төмөндөгүлөрдү аныкташкан: • 3 даана тротил шашкасы, • Сериалык номери жок, октолбогон 9 мм калибрдеги Макаров тапанчасы (ПМ), • 5 даана кол граната, • Ар түрдүү калибрдеги 500дөн ашуун ок-дарылар, • Р.А. аттуу жаранга таандык күбөлүк, • 2023-жылы ликвидацияланган Камчы Асанбек менен жансакчысы менен чогуу түшкөн сүрөтү. Эскерте кетсек, Тоха 2015-жылы Панфилов жана Горький көчөлөрүнүн кесилишиндеги атайын операция маалында ИГИЛ террористтик-экстремисттик тобунун мүчөлөрүнүн курамында ликвидацияланган.
edita