SerepTV Logo

Бишкектеги көпүрөнүн алдынан аял кишинин жансыз денеси табылды

Бишкектеги көпүрөнүн алдынан аял кишинин жансыз денеси табылды
Бишкекте түндө көпүрөнүн алдынан аял кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, "102" кызматына Кийизбаева жана 7-Апрель көчөлөрүндөгү көпүрөнүн алдында аялдын жансыз денеси жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Айтылган дарекке ӨКМдин кызматкерлери барып жансыз денени көпүрөнүн алдынан алып чыгуу иштерин жүргүзүшкөн. 5 куткаруучу сөөктү милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Учурда окуянын чоо-жайы иликтенип жатат.
edita