SerepTV Logo

Бишкектеги көп кабаттуу үйдө өрт чыгып, батирде калып калган улгайган киши куткарылды

Бишкектеги көп кабаттуу үйдө өрт чыгып, батирде калып калган улгайган киши куткарылды
Бүгүн, 13-декабрда Бишкектеги Биринчи Май районунун Тоголок Молдо көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн батирлеринин биринен өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Өрттү өчүрүүгө саат 08:33тө Биринчи Май райондук №4 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп тартылган. Өрт саат 09:28де толук өчүрүлүп, кырсык катталган аймактан 10 адам эвакуацияланган. Куткаруучулар иске ууланып, батир ичинде калып калган 1940-жылы туулган кишини алып чыгышып, №4 шаардык ооруканага жеткиришкен.
edita