SerepTV Logo

Бишкектеги көп кабаттуу үйдө жарылган газдан жабыркагандар ооруканага жеткирилди

Бишкектеги көп кабаттуу үйдө жарылган газдан жабыркагандар ооруканага жеткирилди
Буга чейин «Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринде газ жарылды» деген видео тараган. Кырсык боюнча Октябрь РИИБден маалымат беришти. Бүгүн, 19-январда саат 08:54 чамасында Бишкек ШИИБдин “102” кызматына Көк-Жар жаңы конушунун Сейтек көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде жарылуу болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге дароо Октябрь РИИБдин 4-ШМБнын ыкчам-тергөө тобу барышып, 1-кабаттагы батирдин ашканасында газ түтүкчөсү жарылганын аныкташкан. Аталган факты катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, соттук-өрт-техникалык экспертиза дайындалды. Жарылуудан батирдин терезелери талкаланган. Жабырлануучулар медициналык мекемеге жеткирилди.
edita