Бишкектеги көчөдө жүк ташуучу унаадан өрт чыкты (сүрөт)
Борбор калаанын Лев Толстой менен Чапаев көчөлөрүнүн кесилишинде жүк ташуучу унаадан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Өрттү өчүрүүгө 1 бөлүм тартылып, саат 13:42де чектөөгө алынып, 14:20да толук өчүрүлдү. Өрттүн кесепетинен унаанын будкасы күйгөн. Жабыркагандар жок. Өрттүн келип чыгуу себеби жана кимге таандык экени учурда такталууда.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="76665,76666"]