Бишкектеги кичи автобуста люктун айынан чыр чыккан. Аялга кол көтөргөн делген жаран суралды
Кечээ, 10-июлда социалдык тармактын колдонуучусу Бишкектеги №152 кичи автобуста эркек киши тарабынан сабалганын, милиция чара көрбөй жатканын жазып чыккан. Свердлов РИИБден окуя тууралуу маалымат беришти.
Ага ылайык, 9-июлда саат 21:15 чамасында аталган райондук милицияга аял киши арыз менен кайрылган. Ал арызында №152 кичи автобуста анын денесине залал келтирген жаранга чара көрүүнү суранган. Аталган факты Свердлов РИИБге каттоого алынган.
Маршруттук каттамдын айдоочусу суралган. Ал окуя Байтик Баатыр менен Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде болгонун, киши Ахунбаев менен Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинен түшүп калганын айткан. Милиция анын 1988-жылы туулган жаран экендигин аныктаган. Ал да суралып, кичи автобуска үй-бүлөсү менен түшкөнүн, 1 жаш 5 айлык баласына шамал тийбесин деп люкту жапканын айткан. Бирок анын ичиндеги аял люкту ачууну талап кылган. Ошондон улам кайым айтышуу болуп, чырга айланган. Топтолгон материал андан ары тергөө үчүн Октябрь РИИБге өткөрүп берилет.