Бишкектеги кеңседе тапанча такап, акча алган шектүү видеого түшүп калган
Бишкекте каракчылыкка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 3-декабрда милицияга жаран кайрылып, ошол эле күнү саат 19:05 чамасында Абдрахманов көчөсүндөгү кеңседе тапанча менен коркутуп, кассадагы 425 миң 390 сомду карактап кеткен жаранга чара көрүүнү суранган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары 1996, 2001 жана 1992-жылы туулган жарандар кармалып, камакка алынды.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="221971,221972,221973"]