Бишкектеги катуу шамалдан кийин 3 адам ооруканага барды
Кечээ, 8-июнда Бишкек шаарында кечки убакытта болгон катуу шамалдын кесепетинен 3 адам жаракат алды. Бул маалыматты Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Алар баш мээсинен жаракат алып, Улуттук госпиталга жеткирилген. Учурда алардын абалы туруктуу.
Кечиндеги катуу шамалда борбордун аймагында бактар кулап, автоунааларга тийген. Чатырлар да учту.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="53142,53141,53140"]