Бишкектеги каракчылык. Кол салгандар өзгөчө ири сумманы алып кетишкени айтылды
Бишкекте катталган каракчылык фактысын ИИМ көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Кечээ, 11-декабрда Бишкектин чок ортосундагы Чокморов көчөсүндө каракчылык фактысы катталган. Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 207-беренеси (каракчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Кол салгандар өзгөчө ири сумманы алып кетишкен. Жергиликтүү ЖМКлар жазган маалыматтарга караганда, кеп 31 миллион рублден ашык акча жөнүндө болуп жатат. Ошондой эле каракчылык акча алмаштыруу жайынын кызматкерлерине жасалганы да айтылды.