Бишкектеги каналдан 22 жаштагы жигиттин жансыз денеси табылды (сүрөт)
Свердлов районундагы Шабдан Баатыр проспектиси менен Мухтар Ауэзов көчөлөрүнүн кесилишинде каналга 22 жаштагы жигит чөгүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн Бишкек шаары боюнча куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылып, маркумдун жансыз денесин суудан чыгарып, туугандарына өткөрүп беришти.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="62115,62116"]